Жогорку Кеңеште Чынгыз Айдарбековдун талапкерлиги талкууланууда

Дата: 12:01, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жогорку Кеңеште Тышкы иштер министрлигине сунушталган Чынгыз Айдарбековдун талапкелиги талкууланууда.

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев Чынгыз Айдарбековду парламент алып келип, депутаттарга тааныштырды

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Айдарбековго өзүнүн пикирин айтууга эркиңиз жетеби деген суроо узатты.


Мен сиздин жеке көз карашыңызды, билдирүүлөрүңүздү бир жолу да укпаптырмын. Интеллигент, келишкен жигит экенсиз. Бирок Лавров сыяктуу пикириңизди ачык айтууга эркиңиз жетеби», - деди депутат талапкерге кайрылып.


«Мен талапкерлигимди тышкы иштер министрлигине сунуштоо мен үчүн күтүүсүз болду. Башкармалыктын жоопкерчиликти жон терим менен сезем. Менин элчи катары билдирүүлөрүм ТИМ менен макулдашуунун негизинде болуп келген. Ар бир сөзүмө жооп беришим керек. Японияда 2,5 жыл элчи болуп иштеп, 15 млн  $ жеке инвестиция, 70 млн гранттык каражаттарды алып келүүгө, ошондой эле 20 миллионддук эки келишимди ишке ашырууга жетиштим. Популисттик билдирүүлөр эмес, реалдуу аракеттер менен ишти көрсөтүш керек», - деди  Ч.Айдарбеков.

Поделиться новостью: