Жогорку Кеңеш социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Дата: 13:28, 01-04-2020.

Бишкек. 1 - апрель. КирТАГ -Бүгүн, 31-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сунушталган мыйзам долбоору банктык рынокко жана төлөм системасына инновациялык технологияны киргизүүдөгү тоскоолдуктарды азайтууга багытталып, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууну, каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төмөндөтүү менен атаандаштыкты жогорулатууну көздөйт.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору кечээ, 31-март күнү Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралып, жактырылган.

Поделиться новостью: