ЖККУ өлкөлөрүнүн полигондорунда биринчи жолу «Центр-2019» машыгуусу өтөт

Дата: 16:26, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - мая. КирТАГ -  ЖККУ өлкөлөрүнүн полигондорунда биринчи жолу «Центр-2019» машыгуусу өтөт. Бул туурасында Борбордук аскердик округдун  аскерлеринин командачысы генерал-полковник Александр Лапин билдирди деп жазат ТАСС.

«Биринчи жолу «Центр» машыгууларын өткөрүү жери ЖККУ өлкөлөру болмокчу. Практикалык иштерге ЖККУнун байкоочулары жана аскердик контингенти чакырылат. Бирок «Центр-2019» машыгуусун өткөрүүнүн негизги жери Оренбург облусундагы Донгуз полигону болуп кала берет», - дейт Лапин.  

«Центр» командалык-штабдык машыгуулары төрт жылда бир өткөрүлүп турат. Мурдагы жолу 2015-жылы өткөн.

ЖККУнун курамына Орусия, Армения, Белоруссия, Казакстан Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

Поделиться новостью: