Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн медиа форумунун ачылышына катышууда

Дата: 10:13, 24-05-2019.

Бишкек. 24 - май. КирТАГ  –  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда ШКУ өлкөлөрүнүн медиа форумунун ачылышына катышууда.

Иш чара Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган.

Медиа форумга мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ Катчылыгынын, алдыңкы катардагы ЖМКлардын өкүлдөрү, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа эксперттери, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр чакырылган.

Медиа форумдун негизги темасы: “Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу”. Катышуучулар медианы өнүктүрүүнүн заманбап трендин жана ШКУнун жалпы маалымат мейкиндигин өнүктүрүү маселесине бирдиктүү мамилени талкуулашат.

Форумдун жүрүшүндө «ШКУ өлкөлөрүнүн медиа ресурстар каражаттары аркылуу ШКУнун платформасын динамикалуу илгерилетүү» жана «ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын өз ара эффективдүү аракеттешүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү» темалары боюнча сессияларды өткөрүү күтүлүүдө.

Эске салсак, Бишкекте ШКУ алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин башчыларынын, Тышкы иштер министрлеринин, Маданият жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары өткөрүлдү. ШКУга мүчө мамлекеттердин Бизнес форуму жана Аялдар форуму болуп өттү.

ШКУга 8 өлкө мүчө болуп саналат. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр - Азербайжан жана Түркия.

Поделиться новостью: