Жээнбеков: Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл

Дата: 13:12, 22-11-2019.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ – Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл. Жарандардын укуктарын коргоо — прокуратура органдарынын түздөн-түз милдети. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада билдирди.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен өлкө жаңы укуктук мейкиндикке киргенин айтып, Президент соттук-укуктук реформалардын ийгилиги прокуратура органдарынын ишине байланыштуу экенин белгиледи.

«Прокуратуранын иши жакшырмайынча, жалпы сот өндүрүшү да оӊолбойт. Соттук — укуктук реформаны ишке ашыруу — соттордун же прокуратуралардын эле ведомстволук иши эмес. Бул жалпы мамлекеттик иш. Элибиз, коомчулук талап кылган маанилүү реформа», — деп белгиледи Президент.

Ал коомдо мыйзамдуулук орноп, жарандын укугу кынтыксыз корголсо, реформа элдин колдоосуна ээ болорун кошумчалады.

«Ошондуктан азыр мамлекеттик бийликтин аброю, элдин бийликке болгон ишеними прокуратура органдарынын натыйжалуу ишине тыгыз байланышкан. Мамлекеттик бийликке карата болгон элдин оң мамилесин бекемдөөдө прокуратура органдарынын жоопкерчилиги абдан жогору», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын талаптарына ылайык прокуратурага жүктөлгөн, кынтыксыз аткарууга зарыл болгон жаңы функцияларга токтолду.

«Соттук-укуктук реформанын алкагында прокуратурага кылмыштуулук жөнүндө статистиканы түзүү функциясы өткөрүлдү.

Башкы прокуратурага Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү жүктөлүп, ал жаңы концепцияга ылайык иштей баштады.

Бирок, ушул мезгилге чейин бул иштин бир эле этабы — сотко чейинки өндүрүштү каттоо ишке ашырылды.

Калган эки этабы — соттук жана өкүмдү аткаруу өндүрүшүн электрондук каттоо аткарыла элек.

Бул милдеттерди да аткарууну кечиктирбей, тездеткиле», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент учурда өлкө соттук-укуктук реформанын башталгыч этабында турганын, алдыда иштер арбын экенин белгиледи. Мындан тышкары, соттук-укуктук реформа өлкөдө жүрүп жаткан санариптештирүү процесси менен тыгыз байланыштуу экенин, прокуратура органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилерин өзгөчө белгиледи.

Ал коррупцияга каршы күрөшүү — дайыма актуалдуу жана приоритеттүү багыттардын бири бойдон каларын баса белгиледи. Жаӊы укуктук шарттарда Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштүн башкы координатору экендигин өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле тергөөчүлөр тарабынан создуктурулуп жаткан иштер боюнча жарандардын көптөгөн нааразычылыгына көңүл бурду.

«Бул прокурорлор тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан болуп жатат. Ошондуктан сотко чейинки өндүрүштө мыйзамдуулуктун кынтыксыз сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Соттук өндүрүштө Мамлекеттик айыпты колдоонун сапатын жогорулатуу зарыл. Ошондой эле соттук иштерди кароону негизсиз создуктуруу менен жарандардын укуктарын бузуу фактыларын жоюу талап кылынат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент экономиканын өнүгүүсүндө бизнестин ролу чоң экендигин баса белгилеп, жеке ишкердиктин субъектилеринде болуп жаткан текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна прокуратуранын көзөмөлүн күчөтүү зарылдыгын, мыйзамсыз текшерүүлөргө бөгөт коюлушун талап кылды. Мындан тышкары, жеке ишкерликти негизсиз жана мыйзамсыз текшерүү фактылары ачыкталса, мындай кызматкерлерге карата айоосуз чараларды көрүү керектигин айтты.

Мамлекет башчы, прокуратуранын ардагерлерин куттуктап, алардын узак жылдар бою прокуратурада иштеп, өлкөдө мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымдарын эске салды.

Поделиться новостью: