Жээнбеков: Латын алфавитине өтүүнүн кажети жок

Дата: 17:17, 16-09-2019.

Бишкек. 16 -сентябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата болду.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлө турчу майрамдык иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасындагы чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жарандарга кеңири жайылтуу жана тил саясатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, баардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын эске салды. «Кыргыз тилинин кадыр-баркын өнүктүрүү, коомдун бардык чөйрөлөрүндө, өзгөчө мамлекеттик башкаруу системасында кеӊири колдонуу абзел. Илим, билим, маданий жана экономика тармагында мамлекеттик тилди тереӊ киргизүү — негизги милдетибиз», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Президент латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айтты.

«Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Поделиться новостью: