Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин кен казуу чөйрөсүндөгү чечимдеринин аткарылышы начар бойдон калууда  

Дата: 15:20, 24-01-2020.

Бишкек. 23 - январь. КирТАГ – Коопсуздук кеңештин кен казуу чөйрөсүндөгү чечимдеринин аткарылышы начар бойдон калууда. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы белгиленген мөөнөттө аткарылбаган, же мөөнөттөрүн бузуу менен аткарылган иш-чаралар  53 пайызды түзөрүн, бул ачык эле иштин жасалбай жатканын, «саботаж кылууну» көрсөтүп турганын баса белгиледи.

»Өткөн жыйналыштын жыйынтыгы боюнча статс-катчы жана сиздин 2 орун басарыңыз ээлеген кызматтарынан бошотулган эле. Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууда көзөмөлдүн жоктугу үчүн сиздин орун басарыңызга сөгүш берилген. Коопсуздук кеңешинин жыйналышы өткөн күндөн бери дээрлик бир жыл өттү. Сизге түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн  чара көрүүгө убакыт берилген. Бирок мен олуттуу жакшыруулар болгонун көрө алган жокмун. Бир жыл өттү, абал өзгөргөн  жок» — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кен казуу чөйрөсүндөгү чабал саясат жана бул багыттагы мыйзамдын жеткилең эместиги тоо кен казуу секторунда гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй экономикасына, анын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасир тийгизип жатканын баса белгиледи.

Президент өнөр жай, энергетика комитети тарабынан гана эмес, Өкмөт, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан дагы кен казуу чөйрөсүндөгү Коопсуздук кеңешинин чечимин ишке ашырууда  кемчиликтер арбын экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы өзгөчө инвесторлор үчүн кен чыккан жерлерге жеткиликтүүлүк берүү боюнча иштер аксап жаткандыгын кошумчалады.

» Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү инвесторлорго кен казуу жерлерине жеткиликтүүлүк камсыз кылынып жатат» деп коюп, иш жүзүндө четте байкоочу катары калып жатасыңар. Иш жүзүндө инвесторлор — жер участкаларын бөлүп берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө туш болууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бул ишти оңдоого Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катуу киришүүсүн талап кылды.

»Өкмөт азыркыга чейин Тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү жана кен байлыктарды коргоо боюнча концепцияны иштеп чыкпагандыктан кайсы багытта иш алып барууну жана бул тармактагы көйгөйлөрдү кантип чечүүнү билбейсиңер деп эсептейм.  Силердин ушул кайдыгер мамилеңер —  Коопсуздук кеңештин чечиминдеги башка иш-чаралардын да аткарылбай калышына алып келүүдө. Ушуну менен катар Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитетинин, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишине функционалдык талдоо жүргүзүү боюнча Коопсуздук еңештин чечими аткарылган эмес», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков

Поделиться новостью: