Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат

Дата: 11:10, 24-01-2020.

Бишкек. 24- январь. КирТАГ –Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат. Бул тууралуу президент  Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңештин чечимдерин кынтыксыз аткарылышы өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зарылдыгын белгилеп, айрым учурларда, чечимдерди аткарууда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатканын кошумчалады.

«Чечимдерди аткаруу үчүн ченемдик укуктук актылардын өзүнчө долбоорлорун иштеп чыгуу жана аны бекитүүнүн мөөнөтү — мамлекеттик органдар тарабынан эч негизсиз создуктурууда. Чечимдер кабыл алынгандан кийин иш солгундап, же такыр токтоп калган учурлар да бар. Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бир мисал, 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери кармалган.

«Алар ишкерлерден, биздин жарандардан ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Маалыматка ылайык, ишкерлерден системалуу түрдө пара талап кылууга бул Мамлекеттик инспекциянын дээрлик бардык башкармалыктары аралашкан. Кылмышка шектелип кармалгандар Экотехинспекциянын жетекчилиги менен чогуу бир имараттын ичинде, бир кабатта иштешкен», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кол алдындагы кызматкерлери коррупцияга же пара алууга аралашкан жетекчилер да өз жоопкерчилигин сезе билиши керек экенин баса белгиледи.



«Өзүнүн кызматкерлери кармалгандан кийин бир айдан кийин гана аларды жана алардын ишине жетекчилик кылган өзүнүн орун басарын иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Мына ушундай  жоопкерчилигсиз жетекчилерден улам коррупциянын алдын алуу жана аны жоюу боюнча биздин бардык күч-аракетибиз жокко чыгып калууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Поделиться новостью: