Жээнбеков Италиянын президентине көңүл айтты

Дата: 13:58, 15-08-2018.

Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттареллага Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктан улам көп сандагы адамдар каза болуп жана жабыркагандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кайтыш болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Поделиться новостью: