Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз, баа жеткис дөөлөтүбүз
Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ – Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз, баа жеткис дөөлөтүбүз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында билдирди.
«Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Ушул руханий байлыктарды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн сабаттуу колдонушубуз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.
Мамлекет башчысы Ислам менен Православиенин өз ара карым-катнашы конструктивдүү негизде өнүгүүсү камсыздаларын, жеке эле дин эмес, маданият, тил, кадаа-салт, илим, билим берүү жаатындагы терең кызматташуу — өлкөлөр ортосундагы ынтымактын негизги фактору болуп саналарын айтып, диндер аралык ынтымакты жана сабырдуулукту коомдо бекемдөө, радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алуу маселелерине токтолду.
«Коомубуздагы диндер аралык тынчтыкты, ынтымакты сактоо жана бекемдөө — ар кандай экстремисттик жана радикалдуу агымдарга каршы турууга шарт түзөт. Бүгүнкү конференция сыяктуу биргелешкен иш-чаралар чогуу иш алып барууга жол ачат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.