Жээнбеков: Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң

Дата: 10:00, 18-05-2018.

Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан аялдарын Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кадырман апалар! Адам баласына өмүр берген апаларыбыздын  расмий майрамы – Энелер күнү  менен чын дилимден  куттуктайм! Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, энени үйдүн куту, коломто ээси, жашоонун булагы катары ыйык тутуп келген. “Дүйнөнүн түркүгү – энелер” деп айтылат элибизде»,- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Өлкө башчы жашоонун башаты эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Эне сүтү – ыйык. Энелерибиздин бешик ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жаңырып турат. Адам баласына жарык дүйнө тартуулоо менен, энелер бардык жакшы касиеттерди ыроолойтургандыгын белгилеген.

Президент энелерди ар тараптуу колдоого алуу мамлекеттин башкы парзы экендгин белгилеген.

«Бүгүн биз Сиздерге бардык жакшы тилектерди, таза ниетибизди, сөздүн берметин арнагыбыз келет.Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң. Сиздердин мээримиңиздерди, мээнетиңиздерди талыкпаган адал эмгек, таза ниет менен гана актай алабыз. Сиздерди дагы бир ирет Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Баардыгыңыздарга ачык асман, узун өмүр, бакубат жашоо, чексиз бакыт каалайм! - деп айтылат куттуктоодо.

Поделиться новостью: