Жээнбеков: Алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болот

Дата: 15:33, 22-08-2019.

Бишкек. 22 - август. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы жолдордун реконструкциясы жана мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Нарын-Баетов, Куртка-Соң-Көл, Акталчат-Казарман айылдарындагы жолдорго, Кулубай жана Султаналиев көчөлөрүнө асфальт төшөө боюнча маалымат берди.
Жалпысынан Ак-Талаа районунда 8,5 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөлөт. Жумуштарды 2019-жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жанат Бейшенов буга чейин Президенттин айткан сунушуна ылайык, өлкөнүн ар бир районунда 3 чакырым жолду реконструкция кылуу боюнча жумуштар жыл сайын жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Андан соң Мамлекет башчысы Баетов айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты.

Президентке маалымдашкандай, Баетов айылындагы жалпы билим берүүчү мекеме эки кабаттан турат жана 275 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаж иштери 70 пайызга бүткөрүлдү. Курулушту толугу менен бүтүрүүгө кошумча 14 млн сом керектелүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жашоо шарты оор алыскы райондордо социалдык, билим берүүчү объектилерди, жол-транспорт түйүндөрүн куруу артыкчылыктуу багыттар болуп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысы бул багытта жумуштар бир жыл менен чектелбей, ар дайым өлкөнүн көңүлүнүн борборунда болорун баса белгиледи.

Поделиться новостью: