Жээнбеков: 2018-жылы Кыргызстанда саясат көп болду

Дата: 10:36, 19-12-2018.

Бишкек. 19 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстанда 2018-жыл жаман болгон жок, саясат көп болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыйынтыктоочу биринчи маалымат жыйынында билдирди.

«2018-жыл Кыргызстанда жаман жыл болгон жок, саясий окуяларга бай болду. Мамлекетти өнүктүрүүдө жаңы иштер башталды. Биринчи кезекте менин шайлоо алды убадаларымдын бири кошуналар менен мамилелерди жакшыртуу болчу. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк элдеринин курултайы жана Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгы эл аралык денгээлде өттү», - деди президент С.Жээнбеков.

Өлкө башчы экономиалык көрсөткүчтөргө токтолуп Кыргызстанда абал жакшырганын баса белгиледи. Салык төлөмдөрү 3 млрд сомго, бажы төлөмдөрү болсо 6 млд сом өскөн. Бул көрсөткүчтөр өлкөдөгү бир топ социалдык маселелерди чечүүгө жардам берген.

«Мен губернатор болуп турганымда мага канчалаган майып балдардын энелери кайрылып, иштей албагандыктарынан жөлөк пулдарды көбөйтүп берүүнү суранат эле. Бул маселе мына быйыл чечтик. Үстүбүздөгү жыл аймактарды өнүктүрүү жылы болду. Бул башталышы гана президенттик мөөнөтүм аяктаганча жер-жерлерди өнүктүрүүгө көбүүрөөк көңүл бурам», - деп ишендирди президент.




Поделиться новостью: