Жеңишбек Ногойбаев Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Дата: 09:47, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Поделиться новостью: