Жасур Азимов Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалды
Дата: 10:31, 17-10-2018.
Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын вице-мэрлик кызматына Жасур Азимов дайындалды. Ал курулуш жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөйт. Токтомго Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев бүгүн кол койду.
Азимов буга чейин Кыргыз-Өзбек университетинин «Финансы жана салык» кафедрасында жетекчи болуп иштеген.