Жарым жылда жолдорду реконструкциялоого 1,6 млрд сом сарпталган

Дата: 17:16, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жарым жылда жолдорду реконструкциялоого 1,6 млрд сом коротулган. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.

Маалыматта 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жол тармагын жалпы каржылоого 1 млрд 654,7 млн сом коротулгандыгы (52%) айтылат.

Башкармалык жол тармагында 1 млрд 743 млн сомдук иш жасалганын белгилейт. Бул каражаттардын 921 млн сом  ушул жылдын бюджетинен каралган. Объекттер боюнча мамлекеттик каржылоо 822,3 млн сомду түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында, жол тармагына 870,9 млн сом (89,6% )каралган.

Учурда капиталдык иштер өз нугунда жүрүп жатат.

Поделиться новостью: