Жалал-Абад шаарынан зергер буюмдарын уурдаган кылмыштуу топ кармалды
Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Кыргыз-өзбек чегарасынан Жалал-Абаддан зергер буюмдарын уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик чегара кызматынын Жалал-Абад облусттук бөлүмүнө белгисиз 5 жаран Жалал-Абад шаарындагы ЦУМдан алтын буюмдарын уурдап кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Арадан эки саат өтпөй уурулар өзбек-кыргыз чегарасындагы Маданият чегара көзөмөл өткөрүү пунктунан кармалган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган жаран Жалал-Абад облусттук ИИБна өткөрүлүп берилди.