Жаңы окуу жылында 150 миңден ашык бала биринчи класска барат

Дата: 16:15, 17-08-2018.

Бишкек. 17 - август. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстанда 1-сентябрь жаңы окуу жылында 150 миңден ашык бала биринчи класска барат. Бул тууралуу Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мугалимдердин конференциясында билдирди.

«Жаңы окуу жылында Кыргызстан боюнча 150 миңден ашык бала биринчи класска барат. Жалпысынан 1-сентябрга карата 2 миң 262 мектеп окуучуларга эшигин ачат», - деди министр.

Анын айтымында, бул жылы 29 жаңы мектеп жана 2 бала бакча ачылат.

Мугалимдердин август конференциясына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да катышты. Жыйында маалыматтык башкаруу системасын өнүктүрүү, окуу жайларын каттоо, көп тилдүү билим берүү, окуучуларды окуу куралдары менен камсыздоо, мугалимдердин тажрыйбасын жогорулатуу маселелери талкууга алынды.

Поделиться новостью: