Зергерлерди мамлекет өзү эле кууп чыккан- депутат

Дата: 11:23, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Мамлекет өзү эле кууп чыккан. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев  тегерек столдо билдирди.

«Кыргызстандын эң чоң экспорттук потенциалы-бул алтын. Кыргызстан алтын буюмдарын импорттойт, бирок таң калыштуусу ювилерлер өзү көмүскөдө калып жатат. Мамлекет өзү зергерлерди кууп чыгып жатат. Стамбул, Дубайды карасаңар ал жакта башка мамлекеттерден келген алтын буюмдарга толгон ири базарлар бар. Биз бул маселени кеч көтөрүп жатабыз. Туризмди сүйлөйбүз, ушул жерден башкалардын зер буюмдарын сатып алып жатабыз. Эмне бизде өзүбүздүн зергерлер жокпу? ?», - деп тыгчсызданды депутат.

Анын айтымында Улуттук банкка зергерлик тармакты бериш керек.


«Улуттук банк убагында чара көрүп сомдун туруктуулугун сактап калды. Азыр маселе жок. Ал эми алтынга болгон мамиле болсо совет доорунда кандай болсо ошол бойдон калууда. Биз аларды аларды ошол жактан алып келбесин деп эле кууп чыктык. Жүздөгөн зергерлер алтын сатып алжуалбай көрүнгөн эшикти каккылап жүрөт», - деп белгиледи Э.Байпакбаев.



Поделиться новостью: