Өзбекстанга 24 телевизорду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Дата: 12:57, 13-02-2020.

Бишкек. 13 - февраль. КирТАГ – Кыргызстан менен Өзбекстандын кесилишиндеги Айдаркен чегара көзөмөл пунктунан контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай району, Пылдырак айылынын 1988-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну Hyundai Porter унаасы менен 24 телевизорду мыйзамсыз Өзбекстанга алып өтүп жатканда кармалган.

Жүк ээсине тиешелүү документтер түзүлүп, телевизорлор бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Поделиться новостью: