Өзбекстан Түрк кеңешине кирет

Дата: 14:20, 13-09-2019.

Бишкек. 13-сентябрь. КирТАГ – ЖРасмий Ташкент Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө болууну каалаганы тууралуу арызын расмий тапшырды. Бул тууралуу УзТАГ маалымдады.

Маалыматка караганда, Өзбекстан Кеңешке кирүү тууралуу резолюция кабыл алган.

"Өзбек өкмөтүнүн расмий арызы уюмдун катчылыгына келип түштү", деди бейшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Кабыл алуу процесси жакын арада ишке ашат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылдын октябрында түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары киришкен. Өзбекстан уюмга кошулууга ниети бар экенин былтыр апрель айында билдирген. Президент Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери кошуна мамлекеттердин Өзбекстан менен болгон алакасын жакшыртууга маани берип келе жатат.

Поделиться новостью: