Өзбекстан президенти Нооруз майрамына карата амнистия жарыялады

Дата: 15:35, 20-03-2019.

Бишкек. 20 - март. КирТАГ –   Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Нооруз майрамына карата абактагы 44 адамга кечирим берди. Бул туурасында Өзбек телеграф агенттиги билдирет.

Тийиштүү жарлыкка президент 19-мартта кол койгон.

Документке ылайык, 44 адамдын арасынан жетөө толугу менен жазадан кутулат, ал эми 11 адам жаза мөөнөтүн шарттуу түрдө өтөйт.

Кечирим алгандардын 23ү тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрү.

Поделиться новостью: