Өзбекстан чек арада кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди

Дата: 14:06, 19-02-2020.

Бишкек. 19 - февраль. КирТАГ –Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан кабарда эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсү өткөнү, ошонун натыйжасында алар кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгени айтылат.

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13 жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткенин жергиликтүү тургундар «Азаттык» радиосуна билдиришкен.

Алардын айтымында, Талас облусунан аймакка дааватка эки машине менен келген жарандарды 19-февралда эртең менен Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы тастыктап, Кыргызстандын жарандары чек ара кайсы жерден бөлүнөрүн билбегени үчүн өтүп кетишкенин маалымдаган.

Чекелик Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана чек аралары такталган айылдардын катарына кирет. Айылдыктар буга чейин чек араны тактоодо жол кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткенин, Кыргызстандын чек арадагы бул айылына жакын аймакка Өзбекстан ок атып машыгуучу аскердик жай куруп алганын айтып даттанышкан.

Поделиться новостью: