Өзбекистандын 6 жараны чегараны бузгандыгы үчүн Ошто кармалды

Дата: 13:27, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ - Ош облусунун Чоң-Алай районунун Сары-Таш айылында чек ара режимин бузгандыгы үчүн Өзбек Республикасынын 6 жараны кармалды. Бул тууралуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди

Чек ара кезмети тиешелүү документтери жок чек ара зонасынан өтүүгө далалат кылган

өзбекстандыктарды кармашкан. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодесине ылайык кармалгандар айып тартышкан.

Поделиться новостью: