Өзбекистанда 2019-жылдан тарта желим баштыкты бекер таратууга тыюу салынат

Дата: 14:09, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ - Өзбекистанда желим баштыкты бекер таратууга 2019-жылы тыюу салынат,  деп маалымдайт Өзбек телеграф агенттиги (УзТАГ).

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-январынан тарта сатуучулардын желим баштыктарды бекер таратуусуна тыюу салуу боюнча президент Шавкат Мирзиеёвдин токтому кабыл алынган.

Муну менен катар мындай баштыктарды өздүк баасынан арзан сатууга да тыюуу салган.

Мындан тышкары, документке ылайык, өлкөдө калындыгы 40 микрон болгон желим баштыктарды иштеп чыгууга чектөө коюлган.

Маалыматта желим баштык дүйнө боюнча айланага чөйрөгө эң зыяндуу буюм катары эсептелээри  баса белгиленген.







Поделиться новостью: