Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти

Дата: 11:32, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –   Бүгүн, 22-июлда саат 04:23тө Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Анын очогундагы күчү 4 баллга жеткенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Тескей Ала-Тоо тоосунда, Лакол айылынан түштүк-чыгышка 4 чакырымда, Жер-Көчкү айылынан түндүк-батышка 10 чакырымда, Ак-Кыя айылынан түндүк-чыгышка 17 чакырымда, Туура-Суу айылынан түштүк-батышка 28 чакырымда, Балыкчы шаарынан түштүккө 60 чакырымда, Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка 170 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу конуштарында — Лакол, Жер-Көчкү айылдарында 3,5 баллга, Ак-Кыя айылында 3 баллга, Туура-Суу айылында 2,5 баллга чейин жетти.

Поделиться новостью: