Якутияда мигранттар жапырт текшерилет – Саха Республикасынын ички иштер министрлиги

Дата: 09:19, 20-03-2019.

Бишкек. 20 март. КирТАГ – Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасынын ички иштер министри Владимир Прокопенко мигранттарды жапырт текшерүү жүргүзүлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 19-мартта Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда айтканын республиканын Ички иштер министрлигинин сайты жазып чыкты.

Анда Прокопенко миграциялык мыйзамдарга ылайык жүргүнчүлөрдү ташыгандар, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр текшериле турганын маалымдаган.

Министрдин билдирүүсү Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалгандан кийин жасалды. Мигранттардын кармалышы жергиликтүү элдин нааразылыгына алып келди. 18-мартта мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага Якутиянын жетекчилери да катышкан. Ушу тапта ал жактагы борбор азиялык мигранттар – такси, автобус айдагандар, дүкөндөрдө иштегендер чочулап жумушка чыкпай жатышканын айтып жатышат.

19-мартта Кыргызстандын Миграция кызматы жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Поделиться новостью: