Вице-премьер: Кыргызстандык экономикасы өнөр жай өндүрүшүнө багыт алды

Дата: 08:41, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Замирбек Аскаров жолугушууда белгилегендей, республикалык ИДПнын өсүшү  Өкмөттүн жана эл аралык финансы институттарынын болжолунан жогору саналды. Пландаштырылган 2.8% ордуна ИДПнын 3.5% өсүшү камсыздалды.

«Тышкы факторлордун терс таасирине карабастан, болжолдонгон көлөмдөн жогорку жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүн болду.

Белгилей кетсек, өлкө экономикасы өнөр жай өндүрүшүнө багыт алып, реэкспорттук «жан бактылыктан» кайтууда. Буга байланыштуу аталган багытты карманып, алгачкы этапта өнөр жай секторундагы ишканаларга бардык тийиштүү мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл», – деди ал.

Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, сырьелук өлкө көндүмүнөн четтеп, жогорку кошумча нарктуу продукцияны өндүрүүгө басым жасоо аркылуу экспорттук потенциалды жогорулатуу зарыл.

Андан соң Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга «Биримдик.Ишеним. Жаратмандык» Өнүгүү программасынын алкагындагы ведомствонун негизги милдеттери тууралуу дагы бир ирет эскертти.

«Министрликтин негизги милдеттери катары көмүскө экономиканы кыскартуу, ири, орто жана кичи бизнес ортосундагы салык жүктөмүн теңдөө болуп саналат. Ошондуктан ведомство кызыкдар тараптар менен башкаруу маселесин тыкыр иштеп чыгуусу жана салык жана бажы органдары, бизнес-коомчулук менен биргеликте алдыга коюлган милдеттерге жетишүүгө багытталган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун сапаттуу иштелип чыгуусун камсыздоосу зарыл», – деди вице-премьер-министр.

Буга катар Замирбек Аскаров алдыдагы отчеттук жылы натыйжалуу жана токтоосуз чечимдерди талап кылган кемчиликтер бар экендигин белгиледи.

«Министрликтин өткөн жылкы негизги кемчилиги катары кирешелерди легалдаштыруу боюнча кампаниянын башталбагандыгы, ошондой эле чиновниктердин чыгымдарынын ачыктыгын камсыздоо, өз кирешелерин жакындарына каттатуу менен мыйзамсыз кирешелерин жашырган жактарды ачыктоо механизми бекитилген эмес», – деди ал.

Ошондой эле вице-премьер-министр инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча тоскоолдуктарды талдоо боюнча тутумдуу иш жүргүзүлбөгөндүгүнө токтолду.

«Мындан тышкары, министрликтин сунуштары өтө майда болуп, өлкөгө инвестиция тартуу абалына кескин таасирин тийгизе алган жок. Жакшы идеялар сунушталганы менен алар аягына дейре чыгарылбай жатат, башкача айтканда, алар бюрократиялык «машинага» тушугуп, бир нече жылдарга созулууда», – деди Замирбек Аскаров.

Ошондой эле ал ведомствонун экспортту өнүктүрүүдөгү пассивдүү ишине жана товарларды экспорттоо маселесин чечүүдөгү экспортерлор менен диалог түзүү аянтчасынын жоктугуна басым жасады.

«Буга байланыштуу квартал сайын экспорттогу көйгөйлөрдү, аныкталган маселелерди чечүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча экспортерлордун кеңеши түрүндө диалог аянтчасын түзүүнү сунуштайм. Мындан тышкары, учурда электрондук соода катышуучулары ортосундагы мамилелер жалпы укук ченеми аркылуу жөнгө салынат, ошол эле учурда электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн атайы мыйзам иштелип чыгышы зарыл. Мыйзам базасынын жетиштүү иштелип чыкпагандыгына байланыштуу өлкө бюджети маанилүү кирешелерден четте калууда. Ошондой эле бул өлкөнүн экспорттук потенциалын чектөөгө алат », – деди Замирбек Аскаров.

Поделиться новостью: