Улуттук университеттин кафедра башчысы пара менен кармалды

Дата: 09:57, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Улуттук университеттин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу эконмикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Каржы полициясына  Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү «Г.Т.» окуу жайдын кафедра башчысы Рита Салморбекова дипломдук ишин коргоодо жакшы жыйынтык чыгаруу үчүн 400 доллар талап кылгандыгын айтып кайрылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Улуттук универститеттин кафедра башчысы жаран «С.Т.». 27  миң сом пара алып жаткан учурда кармалган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.

.

Поделиться новостью: