Улакчы Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду

Дата: 16:15, 11-01-2019.

Бишкек. 11 - январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Белгилүү улакчы Манас Ниязовдун Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Бул тууралуу КирТАГга Манас Ниязов өзү билдирди.

Аукцион Көк бөрү федерациясынын Instagram баракчасына жарыяланды.

«Көк-бөрүчүлөр жана күйөрмандар 2018-жылы оор жаракат алган оюнчу Дастан Жакеевге жардам берүүнү ойлонуп, менин формамду аукционго коюууну чечти. Бул форма менен биз Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында оюногонбуз. Учурда форманын баасы 40 миң сомго чыкты. Баштапкы нарк 2000 сом деп белгиленген болчу. Аукцион 19-январга чейин уланат. Баасы канчага чейин чыгат айталбайм», - деди М. Ниязов.

Ал кардарга формасын өз колу менен тапшыратургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, улакчы Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында "Ак кула" ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпионатында аттан жыгылып оор жаракат алган. Учурда Бишкек шаарында дарыланууда. Абалы орточо, өз алдынча баса албайт.

Манас Ниязов Кыргызстандын курама командасында лидер, мыкты оюнчу. Ал на II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ийгилик жараткан.






Поделиться новостью: