УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталинов камакта калтырылды
Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурунку төрагасы Мурат Суталинов камакта калтырылды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Бишкектин Ленин райондук соту УКМКнын мурунку төрагасы Мурат Суталиновдун ден-соолугуна байланышын абактан бошотуу суранычын четке какты. Материалдарын баары каралып чыгып, сот суранычты канаатандырган жок.
УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталинов 2010-жыл 7-апрель окуясында адам өлтүрүү жана уюштуруу беренеси боюнча айыпталган. Ал мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 20 жылга эркинен ажыратылып, генерал-лейтенант чени алынган.
Камакта отурган Суталинов алгач бөйрөгүнөн жабыркап, бир бөйрөгүн алдырган. Көп өтпөй ал рак менен ооруп калган.