УКМК: Соцтүйүндөрдө тараган кытай жаранынан чиновниктин пара алгадыгы тууралуу аудио фейк

Дата: 11:30, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ –Соцтүйүндөрдө тараган кытай жаранынан чиновниктин пара алгадыгы тууралуу аудио фейк. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

УКМК кытай жаранын Кыргызстанда эркин жүрүүсүн камсыздоо үчүн 15 миң доллар пара талап кылган аудиону текшерген

«Текшерүүнүн жүрүшүндө ал аудио фейк экени аныкталды, маалыматтар чындыкка коошпойт», - деп билдирет башкармалык.
Мындан тышкары УКМК этникалык кастыкты козутууга чакырган маалыматтарды да текшерүүгө алган.

«Кылмыш кодексинин 299-беренесине ылайы, этникалык, расалык, диний кастыкты козутуу, улутту басмырлоо ошондой маалымат каражаттары аркылуу үгүттөгөндөр жоопкерчиликке тартылып, төрт жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат», - деп эскертет УКМК.

Буга байланыштуу башкармалык жарандарды интернеттеги маалыматтарды окууда сак болууга чакырат.  Дүрбөлөңгө салууну көздөгөн билдирүүлөрдү байкаса укук коргоо органдарына кабар берүүнү суранат.





Поделиться новостью: