УКМК контрабандалык унааларды каттаган Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерин кармады

Дата: 17:51, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы контрабандалык унааларды каттаган Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерин кармады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын антикоррупциялык кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн району боюнча Транспорттук каражаттар жана айдоочулук курам бөлүмүнүн башкы адисин кармаган.

Кармалган чиновник коррупциялык жол менен келген унааларды легалдаштыруу иши менен алектенген. Балтика, АКШ, Грузия өлкөлөрүнөн келген унааларды өлкөгө жасалма документ менен каттаган.

Сентябрь айынын башында контрабандалык Lexus жана Volvo унаалары кармалган. Муну менен мамлекетке 3 млн 204 миң сом зыян келтирилген. Чыгымдар толугу менен мамлекетке өндүрүлгөн.



Поделиться новостью: