Тышкы иштер министри Айдарбеков Индиянын элчисин кабыл алды

Дата: 17:25, 16-09-2019.

Бишкек. 16 -сентябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси  Алок Амитабх Димрини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

         Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Индиянын Премьер-министри Н.Модинин 2019-жылдын июнь айында КРга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. 

         Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, алдыдагы биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда, атап айтканда, ушул жылдын  9-11-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Namaskar Eurasia Trade Exposition” көргөзмөсүн уюштурууда эки жактын бирдей максат коюусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

  

Поделиться новостью: