Туризм департаменти туризмди өнүктүрүү боюнча өзүнчө мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштоодо

Дата: 17:21, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Туризм департаменти туризмди өнүктүрүү боюнча өзүнчө мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов КирТАГга билдирди.

«Департаменттин туризмди өнүктүрүүчү агенттигин түптөгөнү жатабыз. Ар бир аймакта башкармалыктын өкүлчүлүгү болот. Алар ордунда кырдаалды анализдеп турат. Мындан тышкары өлкөнүн брендин алдыга жылдыра турган жана туризм секторун анализдеген маркетинг бөлүмү пайда болот», - деди ал.

Ошондой эле Жаманкулов статустун көтөрүлгөнү мамлекеттик органдардын эркин иштөөсүнө шарт түзөт.

«Биз олуттуу көйгөлөрдү убагында чечүү үчүн өкмөт башчыга түздөн-түз баш ийебиз. Бул демилге башкармалыктарда добуш берүүдөн өтөт. Эгер Жогорку Кеңеш жактырса жыл аягына чейин туризм агенттиги ачылат», - деп кошумчалады А.Жаманкулов.  


Поделиться новостью: