Токтоналиев көчөсү эки айга жабылат

Дата: 16:44, 16-08-2018.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, Масалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы Токтоналиев көчөсү ремонтко байланыштуу эки айга жабылат.

«Реконструкция жолдун жогорку бөлүгүндө жүргүзүлөт. Альтернативалык жол катары Айтматов проспекти убактылуу колдонулат. Унаалар Ахунбаев көчөсү менен каттайт. Ремонт эки айга созулат», - деп маалымдайт шаардык мэрия.

Бишкек мэрисы ыңгайсыздыктар үчүн калаа тургундарынан кечирим сурайт.


Поделиться новостью: