Тебриз ислам туризминин 2018-жылдагы борбору аталды

Дата: 11:54, 25-03-2019.

Бишкек. 25 март. КирТАГ –  Ирандын түндүк-батышындагы Тебриз калаасы көптөгөн маданий жана тарыхый объектилери менен 2018-жылдагы ислам туризминин борбору атыкты. Бул туурасында Иран телеграф агенттиги билдирет.

Тебриз – Ирандагы Урмия дарыясынын боюндагы шаар, Чыгыш Азербайжан провинциясынын административдик борбору. Шаардын калкынын басымдуу бөлүгү азербайжандар, алардан кийин перс, курд жана башка улуттагылар. Эл азербайжан тилинде, да перс тилинде да сүйлөшөт. Ирандагы чоңдугу боюнча 4 шаар.

Тебриз тарыхта ири соода борбору болгон, буга ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарына кирген  эски Тебриз базары кубө. Учурда бул шаар Ирандын өндүрүш-индустрия багытындагы мааниси боюнча экинчи орунда турат. Калаада Иран трактор куруучу «Тебриз Мохсен» компаниясынын завод жана фабрикалар түйүндөрү орун алган.

1495-жылы курулган Көгүлтүр мечит Ирандагы эң мыкты көркөмдөлгөн мечиттердин бири. Имараттын бетин көркөмдөөгө дээрлик 25 жыл кеткен.

Ошондой эле 14-кылымга таандык орто кылымдагы имарат калдыктары бар. Анда олум жазасына тартылган кишилерди дубалдар ыргытып жазалашкан.  Уламыштар боюнча өлүмгө өкүм чыккан аял дубалдан түртүлгөндө, анын көйнөгү парашют эффектисин жаратып ачылып, ал аман калган.

Улуу перс акындарын акындар Мавзолейинен эскерсе болот. Комплекстин башкы каарманы – Тебриздин улуттук сыймыгы, акын Остад Шахрияр. Андан сырткары 400дөн ашуун акын жөнүндө да айтылат.


Поделиться новостью: