Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору Бишкекке келди

Дата: 12:53, 23-01-2020.

Бишкек. 23-январь. КирТАГ - Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын топографиялык жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул максатта Тажикстандын делегациясы иш сапар менен Бишкекке келди.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн топографиялык топторуна 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстан Республикасынын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. 

Поделиться новостью: