Ташкентте көчмө кыргыз туристтик жарманкеси өткөрүлөт
Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Ташкенттеги «Миран» отелинде 22-23 май күндөрү «KTE Tashkent 2018» аттуу туристтик жарманкени өткөрүү палндалууда. Бул тууралуу Өзбек Телеграф агенттиги (УзТАГ) билдирет.
Иш-чараны Кыргызстандын жана Өзбекистандын элчиликтери Кыргызстандагы «Asia Expiditions» туристтик агенттиги менен чогуу уюштурган.
Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөгө 100дөн ашык Кыргызстандык туристтик компаниялардын, Курорттор Ассоциациясы, Медициналык туристтик бирикмелер пансионаттардын өкүлдөрү катышат.
Көргөзмөнүн программасына Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун таанытуу, Кыргызстандагы курорттор, медициналык туризмдин потециалы, ошондой эле авиа, темир жол автобусттук каттамдарды таанытуу киргизилген.
Жарманкенин экинчи күнү, Өзбекистандын жарандары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрүү пландалган. Каалоочулар Кыргызстандын туристтик артыкчылыктары менен кенен таанышса болот.