Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды
Дата: 16:24, 16-09-2019.
Бишкек. 16 -сентябрь. КирТАГ – Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Жарыштар спорттун 7 түрү боюнча өтөт.
Бүгүн 16-сентябрда көк-бөрү турнири старт алды. Финал 21-сентябрда болот.
Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү 19-сентябрда «Манас Ордо»до өтөт.
Көчмөндөр оюндары 21-сентябрда жыйынтыкталат. Ага миңден ашык ыктыярчылар тартылган.