Түркиядан контранбандалык жол менен келген 25 млн сомдук медикаменттер кармалды
Дата: 14:32, 17-10-2018.
Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Түркиядан контранбандалык жол менен келген 25 млн сомдук медикаменттер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Түркиядан 170 миңден ашык, жалпы салмагы 115 кг дары-дармек келген.
Болжолдуу эсеп менен анын суммасы 25 млн сомду түзгөн.
Аталган дарылар трикотаждык буюм катары катталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө жүрүп жатат.