Түркияда оппозициялык гезиттин башкы редактору кармалды

Дата: 14:49, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Түркияда оппозициялык Cumhuriyet гезитинин башкы редактору кармалды. Бул тууралуу түрк ММКлары 31-октябрда билдиришти.

Cumhuriyetтин сайтында гезиттин башкы редактору Мурат Сабугчу менен баяндамачысы Гюрай Оздун кармалганын ырастаган билдирүү пайда болду. Сабунчу менен Оз алардын үйүнө рейд жүргүзүлгөндөн кийин кармалганы кабарланууда. Азырынча гезит өкүлдөрүнүн камакка алынышынын себептери белгисиз.

Бул АКШда жашап жүргөн диний ишмер Фетуллах Гүленге тиешеси бар адамдарды куугунтуктоо боюнча түрк бийлигинин аракеттеринин фонунда болууда. Гүлен Түркияда ушул жылдын июлундагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыпталууда. Бирок ал куралдуу козголоңго эч кандай катыштыгы жок экенин айтып келет.

Акыркы жумаларда Түркияда көптөгөн ММКлар, анын ичинде күрт маалымат каражаттары да жабылууда.

Сumhurıyet гезитинин мурдагы редактору Жан Дундар түрк бийлигинин Сириядагы операцияларына байланышкан мамлекеттик сырларын жарыялоо айыбы менен алты жылга соттолгон. Редакторго карата чыгарылган өкүмдү Батыш өлкөлөрүнүн ММК редакциялары менен өкмөттөрү айыпташкан. Алар Реджеп Тайып Эрдоган президент болуп тургандан бери Түркиядагы адам укуктарынын абалынын начарлаганына тынчсызданууларын билдиришкен.

Поделиться новостью: