Түркия президенти Эрдоган Кыргызстанга келет

Дата: 11:43, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган иш сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мааылмат жыйында билдирди.

«Түрк лидеринин Кыргызстанга сапары тууралуу сүйлөшүүлөр Эрдогандын инаугурациянын кийин болгон», - деди  Э. Абдылдаев.  

Анын айтымында Эрдоган расмий сапар менен сентябрь айынын башында Кыргызстанга келет.

Визиттин алкагында бир канча документтерге кол коюусу күтүлүүдө.



Поделиться новостью: