Түркия бийлиги 73 учкучту камоого буйрук берди

Дата: 14:57, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Түрк бийлиги 73 учкучту камоого буйрук берди. Алар июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыпталып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Камакка алуулар Конья шаарындагы авиа базада жүргүзүлүүдө.

ММКлар билдиргендей, алардын ичинен 45и кармалды, 28 издөөдө жүрөт. Бул адамдардын баарында офицердик наам бар: эки полковник жана 71 лейтенант.

Бул июль төңкөрүшүнө байланыштуу өтүп жаткан камоолордун үчүнчү толкуну. Өткөн жумада ушул эле базада 99 аскер камалган. Беш айдан бери 35 миң киши, негизинен аскер кызматкерлери камакка алынды. Он миңдеген адамдар кызматтарынан четтетилди.

Сентябрь айынын соңунда юстиция министри Бекир Боздаг миңдеген соттук иштерди өткөрүү үчүн жаңы имараттарды куруу зарылдыгын айткан.

Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен турган деп айыпташса, Гүлен өзү мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Поделиться новостью: