Суракматов: Бишкектеги муктаж жарандардын баарына жардам берилет

Дата: 17:08, 07-04-2020.

Бишкек. 7 - апрель. КирТАГ – В Бишкектеги муктаж жарандардын баарына жардам берилет. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө калктын аярлуу катмары иммунитети түшүп кеткен карыган кишилер болуп жатат.

«Биздин башкы милдетибиз аз камысыздалган жарандар жана карыган кишилерди коргоо. Жергиликтүү бюджеттен ун, макарон, май, шекер жана күрүч алууга 15 миң сом бөлүндү. Бул багытта райондук штабдар, акимияттар иштеп жатат», - деди Суракматов.

Суракматовдун айтымында, калаанын 56 миң тургуну гуманитардык жардам алган.

Ошондой эле калаа мэри, Бишкекте экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча штаб түзүлүп эпидемиянын терс таасирин азайтуу үчүн иштеп жатат. Мындан тышкары бааларга мониторинг жүргүзүлүп, баалардын жасалма өсүп кетүүсүнүн алды алынууда.


Поделиться новостью: