Суракматов: Бишкекке акылуу унаа токтоочуу жайлар керек

Дата: 14:19, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Бишкек шаардык мэриясы акылуу унаа токтотуучу жайларды салышы керек. Бул тууралуу калаа мэри Азаттыкка билдирди.

«Биз Бишкек шаардык кеңешине ушундай сунушту киргизебиз. Бизде долбоор даяр колубузда турат. Эгер шаардык кеңештин депутаттары кабыл алса, аны карап чыгабыз. Биз бул жол менен шаардын кирешесин көбөйтүп, көчөлөрдөгү тыгынды азайтабыз», - деди ал.


Мэр, Бишкектин борборуна кирген мамлекеттик органдын кызматкерлерине, мекемелерге жана бизнес-структурага унааларын Киев көчөсү тарапка токтотууну сунуштаганын айтты.

«Алардын унаалары эртеден кечке жолдун бир бөлүгүн ээлеп турат. Биз ал унаалар акча төлөшү керек деп эсептейбиз. Бул маселени карап жатабыз. Эгер кайра эле унааларын мурункудай калтырса берсе, саат сайын төлөшү керек болот», - деди ал.

Акчалуу унаа токтотуучу жайлар Манас проспекти, Совет, Киев,Токтогул, Ахунбаева, Фрунзе, Жибек-Жолу, Горький көчөлөрүнө курулушу мүмкүн.

Шаардыктар унаа койгонго жер жок, көп кабатуу токтотуучу жай салгыла деп суранып жатат. Бул маселени кандай гана жол менен болсо да чечишибиз керек», - деп белгиледи Суракматов.



Поделиться новостью: