Спикер Жумабеков: КСДПдагы бөлүнүү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизбейт

Дата: 12:01, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. КСДПдагы бөлүнүү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

«КСДПдагы бөлүнүү Жогорку Кеңештин көпчүлү коалициясынын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Көпчүлүк коалицияда КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол» жана «Республика — Ата-Журт» фракциялары иштеп жатат. Парламенттеги көпчүлүктүн 95 депутаты бар. Алардан 37 КСДПнын депутаттары,  50% га бираз жетпейт десек болот. КСДПда бөлүүнүү болуп, фракциядан чыгарылса ал коалицияга таасирин тийгизе албайт. Коалиция депутаттардын 60% курамдан чыкча ошондо тарайт», - деди Жумабеков.

Эске салсак, 31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду саясий кеңештин курамынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ошондой эле аны парламенттеги фракция лидерлигинен чакыртып алууну да сунушталган. Ал эми фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштешкиси келбегендерди партиядан чыгууга чакырган.



Поделиться новостью: