Соттолгон жаран 1,2 кг гашиш менен кармалды

Дата: 10:38, 17-08-2018.

Бишкек. 17 – август. КирТАГ – Альбина Метерова. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү “Гашиш” баңги затын кармады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Баңги заттарын мыйзамсыз айлантуу боюнча кылмыштарды алдын алууга жана кармоого багытталган ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери мурда соттолгон КРдин жаранын спецификалык жыты бар кочкул жашыл зат менен кармашкан.

Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык кармалган зат “Гашиш” наркотикалык каражаты экени аныкталган. Кармалган баңги затынын жалпы салмагы 1200 грамм.

Кармалган жаран ЕАЭП өлкөлөрүнө баңги заттарын жөнөтүү боюнча шектүү фигуранттын бири катары болгон.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.


Поделиться новостью: