Сот Канатбек Исаевди үй камагына чыгарды

Дата: 17:07, 18-07-2018.

Бишкек. 18 июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Сот Канатбек Исаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда сот Исаевдин адвокаттарынын Исаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырган.

Эске салсак, УКМК Исаевди “бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп былтыр 30-сентябрда кармаган.

Мындан тышкары ага Токмоктун мэри болуп турган кездеги иши боюнча "коррупция" беренеси менен кылмыш иши ачылган. Райондук сот аны бул иши боюнча 10 жылга кескен. Бирок Бишкек шаардык соту 28-июнда райондук соттун чечимин да жокко чыгарып, ишти "мөөнөтү өттү" деген жүйө менен токтоткон.

Поделиться новостью: