Сооронбай Жээнбеков олимпиадалык чемпион Татьяна Колпакова менен жолугуп, эчил саат менен сыйлады

Дата: 13:06, 19-07-2019.

Бишкек. 19 – июль.  КирТАГ –  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирге катышканы үчүн атактуу спортчуга ыраазычылык билдирди.

Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиадалык оюндардагы Татьяна Колпакованын жетишкендиги анын талантынын, эрктүүлүгүнүн жана максатка жете билгендигинин жаркын күбөсү экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Татьяна Колпакованын атындагы эл аралык турнир анын мыкты спорттук жетишкендиктерине кыргызстандыктардын берген бийик баасы, спортчуга болгон урмат-сыйы экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөдө жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана ата-мекендик жаш спортчуларды тарбиялоого кошкон салымы үчүн атактуу спортчуга терең ыраазычылык билдирди. Ал Татьяна Колпакованын спорттук жеңиштери жаштарды жогорку натыйжаларга жетишүүгө чакырарын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков белгилүү спортчу Татьяна Колпаковага бекем ден соолук, бакубатчылык каалады жана өлкөбүздө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын белекке берди.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова жакшы каалоо-тилектери жана анын спорттук жетишкендиктерине берген жогорку баасы үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирди. Ал өзү төрөлгөн жана кесипкөй спортчу катары калыптануу жылдары өткөн сүйүктүү Кыргызстанды ар дайым жылуу сезимдер менен эскере турганын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Татьяна Колпакова өлкөбүздүн жаш жеңил атлетчилеринин жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалашып, спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү чаралары тууралуу пикир алмашышты.

Белгилей кетчү нерсе, 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Индиядан 200гө жакын спортчулар катышкан.

Поделиться новостью: